Маалымат бизден башталат

Кыргызстанда билим берүү системасы жаңыланып, санариптештирүү күчөдү

 Кыргызстанда акыркы беш жылда билим берүү тармагында беш багыт боюнча өзгөрүүлөр болду. 

Мектепке чейинки билим берүү кеңейди: Бала бакчалар менен камтуу 39 пайыздан 51 пайызга жетти. Акыркы беш жылда бала бакчалардын саны 349га көбөйүп, 61 миңден ашуун бала кошумча камтылды.

12 жылдык билим берүүгө өтүү башталды: Окуу стандарттары, программалар жана китептер жаңыланды. Бул багытта 73 миң мугалим окутулуп, 53 миңден ашуун педагог ноутбук менен камсыздалды. Мугалимдердин эмгек акысы 100 пайызга жогорулатылды.

Кесиптик лицейлерде жаңы багыттар киргизилди: 52 жаңы билим берүү стандарты бекитилип, 94 кесиптик лицейдин 71инде дуалдык окутуу уюштурулду. Ага 6 миңге жакын окуучу тартылды.

Билим берүү тармагы санариптештирилди: bilim.gov.kg бирдиктүү порталы ишке кирип, балдарды бала бакчага жана мектепке онлайн каттоо мүмкүнчүлүгү түзүлдү. Ошондой эле "Күндөлүк" электрондук күндөлүгү, окуу китептеринин санариптик нускалары жана "Мугалим" автоматташтырылган маалыматтык системасы киргизилди.

Билим берүү инфраструктурасы жаңыланды: Акыркы беш жылда өлкө боюнча 800дөн ашык билим берүү объектиси курулуп, капиталдык оңдоодон өткөрүлдү. Анын ичинде 482 мектеп жана 165 бала бакча жаңыдан курулду. Мындан тышкары, "Туңгуч" мамлекеттик онлайн мектеби жана үч "Акылман" президенттик лицейи ачылды.

Автор
Редактор
12:49, 23-11-2026

Дүйнөдө

Спорт

Илим-билим

Саясат

Экономика

Маданият

Коом

Кылмыш