Жапаров аткаминерлерди жана күч түзүмдөрүнүн жетекчилерин чоң жыйынга чогултту
-
Жергиликтүү бийлик органдарынын ишин текшерүүнүн жыйынтыгында президент Садыр Жапаровго айрым акимдерди жана мэрлерди кызматтан бошотуу, ошондой эле бир катар жетекчилерди тартиптик жоопкерчиликке тартуу сунушталды. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди.
Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө жана аймактарда мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатууга арналган республикалык кеңешме өттү.
Иш-чарага Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев, министрликтердин, ведомстволордун, укук коргоо органдарынын жетекчилери жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.
Кеңешмеде 2026-жылдын тогуз айынын жыйынтыгы боюнча президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, райондук мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыктары тааныштырылды.
Текшерүүдө аймактарды өнүктүрүү, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаты, кадр саясаты жана жер ресурстарын пайдалануу маселелери камтылган.
Анын жыйынтыгында бир катар аймактарда жергиликтүү бийлик органдарынын ишинде кемчиликтер аныкталган. Буга байланыштуу айрым жетекчилерди тартиптик жоопкерчиликке тартуу, ошондой эле кээ бир акимдерди жана мэрлерди кызматтан бошотуу сунушу президентке киргизилген.
Бирок президенттин администрациясы кайсы жетекчилер тууралуу сөз болуп жатканын тактаган жок.
Жапаров жергиликтүү бийликтин ишин сынга алды
Президент 2026-жылдын жаз айларынан тартып өлкөнүн жети облусунун тургундары менен өткөргөн жолугушууларын эске салды. Анын айтымында, жарандар ыраазычылыктарын билдирүү менен катар жергиликтүү бийлик органдарынын, мамлекеттик мекемелердин, укук коргоо органдарынын жана соттордун ишине байланыштуу көптөгөн арыз-даттанууларын айтышкан.
Жолугушууларда жалпы 1 672 жаран 2 286 маселени көтөргөн. Мындан тышкары, 4 967 жазуу жүзүндөгү кайрылуу келип түшкөн.
Садыр Жапаровдун белгилешинче, райондук жана облустук деңгээлде чечилиши керек болгон көптөгөн көйгөйлөр көңүл сыртында калууда. Айрым жетекчилер демилге көтөрбөй, маселелерди чечүүнү создуктуруп, борбордук бийликтин кийлигишүүсүн күтүп отурушат.
Президент мисал катары жарандардын зарыл документтерди алуу үчүн бир нече айлап убара болушун, негизсиз чечимдерге жана юридикалык жардамдын жоктугуна туш болгон учурларды келтирди.
Ошондой эле ал ишти пландаштыруудагы формалдуу мамилени, өнүктүрүү фонддорунун каражаттарын натыйжасыз пайдаланууну жана муниципалдык ишканаларга көзөмөлдүн жетишсиздигин сынга алды.
Жер ресурстарын пайдалануу маселесине да өзгөчө токтолду. Анын айтымында, айрым аймактарда трансформацияланган жер тилкелери өздөштүрүлбөй, күтүлгөн натыйжаны бербей жатат.
Президент мамлекеттик органдардын жетекчилеринин ыйгарым укуктары кеңейтилип, айлык акылары жогорулатылганын эскертип, алардан ошого жараша натыйжа талап кылынарын белгиледи.
«Мамлекеттик кызматкерлер жөн гана кызматта отуруп, убакыт өткөрбөшү керек. Алар элге кызмат кылууга милдеттүү», — деди Садыр Жапаров.
Ал жарандардын кайрылууларына формалдуу жооп берүү жана көйгөйлөрдү келечекте чечүүгө убада кылуу толук кандуу иш катары эсептелбей турганын баса белгиледи.
Жыйындын соңунда президент аймактардын тургундарынан түшкөн кайрылууларды талдап, көйгөйлөрдүн чечилиши эмне себептен создуктурулуп жатканын аныктоону жана мамлекеттик органдардын бардык деңгээлдеги ишинин натыйжалуулугун баалоону тапшырды.
Талдоонун жыйынтыгы боюнча аныкталган кемчиликтерди жоюу чаралары көрүлүшү керек.