Маалымат бизден башталат

  1. Дарыя-көлдөрдөн суу пайдалануу мамлекеттик көзөмөлгө алынат

Кыргызстанда жер үстүндөгү суу булактарын пайдаланууга уруксат берүү тартиби белгиленет.Кыргызстанда жер үстүндөгү суу булактарын пайдаланууга уруксат берүү тартибин киргизүү пландалууда. Тиешелүү токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды.

Документке ылайык, жер үстүндөгү суу объектилеринен суу пайдаланууга уруксат алуу эрежелерин аныктаган жобону бекитүү сунушталууда.

Демилге дарыялардан, көлдөрдөн жана башка жер үстүндөгү суу булактарынан суу пайдалануу маселелерин камтыйт. Анын негизги максаты — бул тармакта мамлекеттик көзөмөлдү камсыз кылуу жана суу ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу.

Токтом долбоору Кыргыз Республикасынын Суу кодексинин 28-беренесинин негизинде иштелип чыккан.

Токтом кабыл алынган учурда аны ишке ашыруу боюнча тиешелүү чараларды Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги, ошондой эле Өзгөчө кырдаалдар министрлиги көрүүгө тийиш.

Автор
Редактор
11:05, 24-11-2026

Дүйнөдө

Спорт

Илим-билим

Саясат

Экономика

Маданият

Коом

Кылмыш