Маалымат бизден башталат

ЕЭК интеллектуалдык системаларды өнүктүрүү аркылуу улуттук транспорттук системаларды жакшыртуу жана инфраструктураны оптималдаштыруу боюнча иштерди баштады

Автомобиль транспорту тармагына интеллектуалдык транспорттук системалардын технологияларын жигердүү киргизүү максатында Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңеши Евразия экономикалык биримдигинин өлкөлөрүнүн интеллектуалдык транспорттук системаларынын өз ара аракеттенүүсүн жакшыртуу Концепциясын жактады.

Концепцияны ишке ашыруу бирдиктүү маалыматтык мейкиндикти түзүү үчүн мүмкүнчүлүктөрдү ачат, анын алкагында ташуучулар аба ырайынын шарттары, мүмкүн болгон тыгындар жана жол кырсыктары жөнүндө стандартташтырылган маалыматты ала алышат.

Концепция Евразия экономикалык биримдигинин мүчө мамлекеттеринин интеллектуалдык транспорттук системаларынын (ИТС) өз ара аракеттенүүсүнүн негизги принциптерин белгилейт. Аны ишке ашыруу жол-транспорт инфраструктурасына заманбап технологияларды жигердүү киргизүүгө көмөктөшүп, ИТСтин ишинин натыйжалуулугун жогорулатууну камсыз кылат. Мындан тышкары, бул жол кыймылынын катышуучуларына сапаттуу жана өз убагында маалыматтык колдоо көрсөтүүгө, анын ичинде евразиялык негизги транспорттук коридорлорунда ИТС операторлорунун жоопкерчилик чөйрөсүнүн башталып, аяктагандыгын маалымдоого мүмкүнчүлүк берет.

“Учурдагы транспорттук агымдардын өзгөрүү динамикасынын жогорку шартында улуттук транспорттук комплекстердин ишинин сапатын жогорулатуу жана инфраструктурага жүктөрдү рационалдуу бөлүштүрүү маселелеринде так интеллектуалдык системалар негизги роль ойноп жатат”, - деп, Евразия экономикалык комиссиясынын энергетика жана инфраструктура боюнча министри Арзыбек Кожошев белгиледи.

 

Автор
Редактор
09:59, 24-01-2025

Саясат

Кылмыш

Экономика

Спорт

Дүйнөдө

Коом

Илим-билим