Бишкек шаарында синтетикалык баңгизаттардын өзгөчө ири партиясын таратуу аракетине бөгөт коюлду
Бишкекте ыкчам-тергөө иш-чаралардын жүрүшүндө Х.Х.Ю., 1971-жылы туулган аттуу жарандын инчандыгы аныкталып, кармалды. Жеке тинтүүдө анын күрмөсүнөн брикет табылган, «Alpha-PVP» психотроптук заттар алынган.
Кармалган Х.Х.Ю. жарандын уюлдук телефонун текшерүүдө баңгизаттарды андан ары таратууга үчүн жашыруун жерин аныктоого мүмкүндүк берди. Анын телефонунда «Alpha-PVP» психотроптук заттын таңгакталган баштыкчалары сакталган жашыруун жайгашкан жери тууралуу маалымат камтылган.
Жашыруун жер Бишкек шаарынын райондорунун биринен табылган. Аталган аймакта тинтүү жүргүзүлүп, синтетикалык баңгизаттардын ири партиясы табылып, алынган.
Кармалган жарандын жашаган жерин тинтүү учурунда баңгизаттын олуттуу партиялары таңгактоо үчүн каражаттар, ошондой эле «Alpha-PVP» жана "мефедрон" психотроптук заттары салынган алынган.
Алдын ала маалыматтарга ылайык, баңгизаттарды сатуудан мыйзамсыз киреше 1,6 миллион сомдон ашык болушу мүмкүн болмок. Көрүлгөн чаралар Кыргыз Республикасынын аймагында психотроптук заттардын 1770 бир жолку “дозасынан” ашык таралышынын алдын алынды.
Учурда кармалган Х.Х.Ю. Бишкек шаарынын №1 тергөө абагына киргизилди.
Азыркы учурда кылмыштуу топтун башка катышуучуларын аныктоого жана наркотрафик чөйрөсүндө мындан аркы кылмыштуу аракеттерди болтурбоого багытталган тергөө жана ыкчам иш-чаралар улантылууда.