Өлкөдө порнографиялык мүнөздөгү элементтерди камтыган сайттар бөгөттөлүшү мүмкүн
Өлкөдө порнографиялык мүнөздөгү элементтерди камтыган сайттар бөгөттөлүшү мүмкүн. Мыйзам долбоорун 26 депутат иштеп чыккан. Документтеги негизги учурлар:
Порнография тараткан сайтка арыз келип түшкөн учурдан тартып 24 сааттын ичинде чектөө киргизилиши керек
Порнографиянын кандайдыр бир үзүндүлөрү бар сайттын ээси контентти 24 сааттын ичинде өчүрүшү керек. Эгер андан баш тартса, сайттын иши 2 айга токтотулат. Бул убакыт аралыгында ээси башка жаңы сайт ача албайт
Провайдерлер мындай контенттин пайдаланылышына жол бербөөгө милдеттендирилет
Порнографиялык контентке нааразы болгон ар бир жаран мамлекеттик органга кайрыла алат
Минкабга тыюу салынган порносайттардын реестрин түзүү сунушталууда Буга чейин эл өкүлдөрү интернетке порнография тараткандарга айып пул салууну сунушташкан.