Маалымат бизден башталат

Улан Маматканов: VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына 109 өлкөдөн өкүлдөр катышууда

1-сентябрь, 2026-жыл, Ысык-Көл. VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын негизги иш-чаралары Ысык-Көл облусунда 6-сентябрга чейин уланат. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин өкүлү Улан Маматканов жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен болгон жолугушууда билдирди.

Анын айтымында, 31-августта Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун, мамлекет жана өкмөт башчыларынын, ошондой эле жогорку даражалуу делегациялардын катышуусунда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу ачылыш аземи өттү.

Быйылкы оюндарга 109 өлкөдөн өкүлдөр катышууда. Улан Маматканов белгилегендей, 2014-жылы Кыргызстанда өткөн алгачкы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына 19 мамлекет катышса, бүгүн кыргызстандык демилге дүйнөлүк масштабдагы кыймылга айланды.

«Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары – спорт менен маданияттын, тарых менен бүгүнкү күндүн өзгөчө айкалышы», – деди ал.

Оюндардын үч негизги багыты

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары быйыл спорт, маданият жана илим багыттарын камтыйт.

Спорттук программага этноспорттун 42 түрү киргизилип, ага 3000ге жакын спорттук делегациянын өкүлү катышууда. Программада ат оюндары, күрөштүн түрлөрү, интеллектуалдык таймаштар жана көчмөн элдердин салттуу аңчылык өнөрүнө байланышкан мелдештер каралган.

Маданий программага 65 мамлекеттен 430дан ашык чыгармачыл топтун өкүлдөрү жана катышуучулары катталган. Алты күндүн ичинде 800дөн ашык маданий иш-чара өткөрүлөт.

Илимий багытта «Көчмөндөр цивилизациясы: мурастары, парадигмасы жана келечеги» аттуу эл аралык конференция уюштурулуп, ага 28 мамлекеттен 160тан ашык окумуштуу жана эксперт катышат.

«Максатыбыз – көчмөндөрдүн маданиятын көрсөтүү менен гана чектелбестен, өзүнүн мамлекеттүүлүгү, дүйнө таанымы жана баалуулуктары бар көчмөн цивилизациясынын адамзат тарыхындагы ордуна татыктуу баа берүү», – деди Улан Маматканов.

Негизги иш-чаралар сегиз локацияда өтөт

Оюндардын спорттук, маданий жана илимий программалары Ысык-Көл аймагындагы сегиз негизги локацияда уюштурулган.

Алардын катарында Чолпон-Ата шаарындагы ат майдан, жаңы көк бөрү аренасы, «Газпром» дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо комплекси, «Рух Ордо» маданий борбору, «Дордой-Номад» маданий-этнографиялык борбору, Кырчын жайлоосу, Курманжан Датка атындагы Көчмөн цивилизация борбору жана «Евразия» эс алуу борбору бар.

Кырчын жайлоосунда «Көчмөндөр ааламы» этномаданий шаарчасы уюштурулуп, анда жүздөгөн боз үйлөр, улуттук ордолор, этнобазар, кол өнөрчүлөрдүн көргөзмө-жарманкелери жана улуттук ашканалар иштейт. Ошондой эле бул жерде Улуу көчтү тосуп алуу, эл аралык айтыш, улуттук оюндар жана башка маданий иш-чаралар өтөт.

Кырчынга баруучу жолдор жаңыланды

Мындай масштабдагы иш-чараны өткөрүүдө инфраструктура жана логистика маселелерине да өзгөчө көңүл бурулган.

Кырчын жайлоосуна алып баруучу Семеновка–Ак-Суу жана Григорьевка–Көл-Кашка-Суу жолдорунун жалпы 35 чакырым аралыгына асфальт төшөлүп, көпүрөлөр курулду.

Бул инфраструктуралык объектилер Оюндар аяктагандан кийин да жергиликтүү калкка, туризм тармагына жана аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кызмат кылары белгиленди.

Кырчын жайлоосунда жол тыгындарын болтурбоо максатында жеке автотранспорттун кирүүсүнө чектөө киргизилип, көрүүчүлөр үчүн Чоң-Сары-Ой – Кырчын багытында 300 кичи автобустан турган акысыз шаттл системасы уюштурулду. Мындан тышкары, атайын унаа токтотуучу жайлар даярдалды.

Негизги локацияларда байланыш инфраструктурасы да күчөтүлүп, кошумча базалык станциялар орнотулду.

Коопсуздук күчөтүлгөн режимде камсыздалууда

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жүрүшүндө коомдук коопсуздукту камсыз кылуу максатында Координациялык штаб түзүлдү.

Коомдук тартипти сактоо, медициналык тейлөө, энергетика, транспорт, байланыш, өрт коопсуздугу жана өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча кызматтар, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары күчөтүлгөн режимде иштеп жатат.

Оюндарга атайын даярдыктан өткөн 700 ыктыярчы тартылган. Алар чет өлкөлүк делегацияларды, спортчуларды жана конокторду коштоп, уюштуруу иштерине көмөк көрсөтүүдө.

Оюндарды 1000ден ашык медиа өкүлү чагылдырат

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын чагылдыруу үчүн 1000ден ашык журналист, блогер, медиа өнөктөш жана телеканалдардын өкүлдөрү тартылган. Алардын 200дөн ашыгы – чет өлкөлүк журналисттер.

«Газпром» спорт комплексинде жана Кырчын жайлоосунда жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү үчүн атайын маалымат борборлору уюштурулуп, иштөө үчүн зарыл техникалык шарттар түзүлгөн.

Улуттук телерадиоберүү корпорациясы, ЭлТР жана «Номад ТВ» оюндарды түз эфирде көрсөтөт.

Улан Маматканов журналисттердин эмгегинин маанилүүлүгүн белгилеп, алардын репортаждары аркылуу дүйнө Кыргызстанды, Ысык-Көлдү, кыргыз элинин меймандостугун жана көчмөндөрдүн маданий мурасын тааный турганын айтты.

«Ар бир репортаж, ар бир түз эфир, ар бир сүрөт – Кыргызстандын дүйнөгө кеткен кабары», – деди ал.

Автор
Редактор
16:35, 01-09-2026

Илим-билим

Саясат

Кылмыш

Спорт

Дүйнөдө

Экономика

Коом

Маданият