Маалымат бизден башталат

Кыргызстанда алты айда 240 сел катталып, эки адам каза болду

Кыргызстанда 2026-жылдын алгачкы жарым жылында 240 сел кырсыгы катталып, анын кесепетинен эки адам каза болду. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Акылбек Мазарипов билдирди.

Анын айтымында, учурда Баткен, Жалал-Абад, Ош жана Талас облустары селден олуттуу жабыркап, табигый кырсыктар аймактардын инфраструктурасына жана экономикасына зыян келтирүүдө.

Эске салсак, 5-июнда Балыкчы—Ананьево—Каракол унаа жолунун 92-чакырымында сел аралаш баткак унааларды басып калып, эки адамдын өмүрү кыйылган.

Ал эми 22-июнда Баткен районундагы бир катар айылдарды сел каптап, аймакта өзгөчө кырдаал режими киргизилген. Президент Садыр Жапаров селдин кесепеттерин жоюу иштерин жеке көзөмөлүнө алган.

Автор
Редактор
15:33, 24-06-2026

Экономика

Спорт

Илим-билим

Маданият

Коом

Саясат

Кылмыш

Дүйнөдө