Маалымат бизден башталат

Отуз-Адырда 22 миңден ашуун тургунду таза суу менен камсыздай турган система ачылды

2026-жылдын 18-июнунда Ош облусунун Кара-Суу районундагы Отуз-Адыр айылында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин колдоосу менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы тарабынан каржыланган жана Кыргыз Республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агентствосу  (АРИС) тарабынан ишке ашырылып жаткан «Айылды суу менен камсыз кылуу жана санитарияны туруктуу өнүктүрүү» долбоорунун алкагында модернизацияланган суу менен камсыздоо тутумунун техникалык ачылышы болуп өттү.

Салтанаттуу иш-чарага төмөнкүлөр катышты:

* Акунбеков Эрлист Абакирович — Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри;

* Гуанчжэ Чэнь — Дүйнөлүк банктын «Планета» багыты боюнча вице-президенти;

* Хью Ридделл — Дүйнөлүк банктын Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн башчысы;

* Жумадылов Калыбек Аманатович — Кыргыз Республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агентствосунун (АРИС) Аткаруучу директору;

* Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү, айыл тургундары жана башка коноктор.

Кара-Суу районунун 12 айылын камтыган «Отуз-Адыр» чакан долбоорун ишке ашыруунун натыйжасында суу менен камсыздоо тутуму модернизацияланды. Чакан долбоордун жалпы наркы 540 млн сомду түздү. Калктуу конуштарда 140 чакырымдан ашуун магистралдык суу түтүктөрү жана бөлүштүрүүчү тармактар курулуп, натыйжада 22 миңден ашуун тургун сапаттуу ичүүчү сууга ишенимдүү жана үзгүлтүксүз жетүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Социалдык мекемелердеги санитардык-гигиеналык шарттар жакшыртылып, үй чарбаларына санитардык шарттарды жакшыртуу үчүн гранттар берилди. Ошондой эле суу менен камсыздоо, санитария жана гигиена маселелери боюнча окутуу иш-чаралары өткөрүлдү.

Иш-чаранын алкагында ПУРСВС долбоорунун координатору Эрлан Корчубай уулу катышуучуларга суу менен камсыздоо тутумунун негизги объекттерин тааныштырып, жаңы резервуар боюнча презентация өткөрүп, конокторду техникалык-эксплуатациялык жабдуулар менен тааныштырды.

Объекттерди натыйжалуу пайдаланууну камсыз кылуу максатында муниципалдык суу менен камсыздоо ишканасына атайын техникалык-эксплуатациялык жабдуулар, кеңсе техникаларынын топтому жана суу менен камсыздоо кызматтарын эсепке алуу жана башкаруу үчүн биллингдик системаны камтыган программалык камсыздоо өткөрүлүп берилди.

Салтанаттын жүрүшүндө Эрлист Акунбеков «Отуз-Адыр» айыл өкмөтүнүн башчысына «Айылды суу менен камсыз кылуу жана санитарияны туруктуу өнүктүрүү» долбоорунун алкагында сатылып алынган атайын техникаларды — ассенизатордук унааны жана экскаваторду тапшырды. Бул техникалар суу менен камсыздоо объекттерин тейлөөдө, коммуналдык кызматтардын сапатын жогорулатууда жана инфраструктуранын ишенимдүү иштешин камсыз кылууда колдонулат.

Отуз-Адыр айылындагы суу менен камсыздоо тутумунун техникалык ачылышы калктын жашоо сапатын жогорулатуу, коопсуз ичүүчү сууга жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу жана айыл аймактарынын туруктуу өнүгүшү үчүн шарттарды түзүү жолундагы маанилүү кадам болуп калды.

Автор
Редактор
10:42, 19-06-2026

Экономика

Спорт

Илим-билим

Маданият

Коом

Саясат

Кылмыш

Дүйнөдө