Маалымат бизден башталат

ВИДЕО- Чет элден аялдарды алып келип сойкукана уюштурган чет элдик жарандар кармалды

Бишкекте мыйзамсыз интимдик кызмат көрсөтүүнү уюштурууга шектелгендер кармалды.

Милициянын маалыматына ылайык, чет өлкөлүк жарандар башка мамлекеттерден аялдарды алып келип, аларды мыйзамсыз ишке тартууга аракет кылышкан. Шектүүлөр кардарларды издөө, жолугушууларды уюштуруу жана аялдарды ташуу иштерин жүргүзүп келишкен.

Жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын жыйынтыгында 1996-жылы туулган чет өлкөлүк жарандар Х.Т. жана Ч.Л., ошондой эле 1995-жылы туулган Ж.В. аттуу жаран аныкталып, Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгына жеткирилген.

Тергөөнүн жүрүшүндө Ж.В. аттуу жаранга карата бөгөт чарасы каралып, соттун чечими менен эки айга камакка алуу чечими кабыл алынган.

Учурда бул факты боюнча тергөө иштери улантылып, окуянын бардык жагдайлары такталууда.

 

 

 

 
 
 
 
 
Посмотреть эту публикацию в Instagram
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 

Публикация от Bashat.media.kg (@bashat.media.kg)

Автор
Редактор
11:14, 15-06-2026

Саясат

Экономика

Спорт

Дүйнөдө

Илим-билим

Кылмыш

Маданият

Коом