Маалымат бизден башталат

Кешикке келген этти жеп. Бишкекте мамлекеттик кызматкерлер ууланышты

Бишкектеги мамлекеттик мекемелердин биринин алты кызматкери кешикке келген этти жеп, тамак-аштан ууланууга кабылды. Бул тууралуу Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти билдирди.

Маалыматка ылайык, жабыркагандар 8-июнда медициналык жардам сурап кайрылышкан. Алардын экөө ооруканага жаткырылса, калган төртөө амбулатордук дарыланууда.

Адистердин айтымында, окуяга ысык аба ырайында тамак-аштын талаптагыдай сакталбай калышы себеп болушу мүмкүн.

Санитардык кызмат жарандарды өзгөчө жай мезгилинде той-топурдан жана башка иш-чаралардан алып келинген тамак-аштарды колдонууда этият болууга чакырып, алардын жаңы экенине ынанып андан кийин гана жеш керектигин эскертти.

Автор
Редактор
15:45, 09-06-2026

Спорт

Саясат

Кылмыш

Экономика

Илим-билим

Дүйнөдө

Коом