Маалымат бизден башталат

Балбан Жоламан  Шаршенбеков Монголияда алтын медаль алды

Кыргызстандык балбан Жоламан Шаршенбеков Монголиянын Улан-Батор шаарында өтүп жаткан Open Ulaanbaatar эл аралык рейтингдик мелдешинде алтын медаль тагынды.

Алгачкы эки беттешинде жеңишке жеткен Шаршенбеков үчүнчү айлампада ирандык Мохаммад Кешткарга утулуп калган. Бирок кийин казакстандык Еркебулан Ардаковду жеңип, финалга чыккан.

Чечүүчү беттеште кайрадан Кешткар менен кез келген кыргыз балбаны атаандашы жаракатынан улам килемге чыкпай калгандыктан жеңүүчү деп табылды.

Белгилей кетсек, бул Жоламан Шаршенбеков үчүн эки жыл мурун алган жаракатынан кийинки алгачкы эл аралык мелдеш болду.

Буга чейин кыргызстандык грек-рим күрөшүнүн балбандары беш коло жана бир күмүш медаль утушкан. Open Ulaanbaatar турнири 8-июнга чейин уланып, ага Кыргызстандан жалпысынан 13 балбан катышууда.

Автор
Редактор
17:03, 05-06-2026

Спорт

Саясат

Кылмыш

Экономика

Илим-билим

Дүйнөдө

Коом