Депутат Болот Сагынаев: Кесиптердин актуалдуулугуна карата изилдөө жүргүзүү керек
Жогорку Кеңештин депутаты Болот Сагынаев жасалма интеллекттин өнүгүшү көптөгөн тармактарга өзгөрүү алып келип жатканын белгилеп, кесиптердин эмгек рыногундагы актуалдуулугун изилдөөнүн зарылдыгын көтөрдү.
Ал парламенттеги сөзүндө мектеп программаларына жасалма интеллект жана санариптик сабаттуулук боюнча башталгыч билимдерди этап-этабы менен киргизүү маселесин кароо керектигин айтты. Депутаттын айтымында, бул бардык окуучуларды программист кылуу эмес, тескерисинче технологияны түшүнүү, аны туура жана жоопкерчиликтүү колдонуу, ошондой эле сынчыл ой жүгүртүүнү өнүктүрүү максатын көздөйт.
Мындан тышкары ал учурдагы кесиптердин эмгек рыногуна шайкештигин жана алардын келечектеги актуалдуулугун талдоо үчүн Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигине жана Улуттук илимдер академиясына тапшырма берүү зарылдыгын кошумчалады.