Маалымат бизден башталат

 

УЛУТТУК КИТЕПКАНАДА «КИТЕПКАНА ТҮНҮ – 2026» МАДАНИЙ ДОЛБООРУ ИЙГИЛИКТҮҮ ӨТТҮ

 

2026-жылдын 28-майында Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасында Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына арналган жана «Улуттук дем — дүйнөлүк бийиктик» уңгужолун жүзөгө ашыруунун алкагында уюштурулган «Эгемендик — ыйык мурас, Уңгужол — келечекке багыт» аттуу «Китепкана түнү – 2026» маданий-агартуу иш-чарасы өткөрүлдү.

 

Кеченин программасы ар кыл курактагы окурмандар менен коноктор үчүн кызыктуу жана мазмундуу иш-чараларга бай болду. Катышуучулар белгилүү инсандар, юристтер жана психологдор менен жолугушуп, мастер-класстарга, көргөзмөлөргө жана адабий сынактарга катышууга мүмкүнчүлүк алышты. Ошондой эле интеллектуалдык оюндар, суроо-жооп таймаштары, шахмат беттештери, видеокөрсөтүүлөр, концерттик программалар, кинотасмалар жана театрлаштырылган оюн-зооктор уюштурулду.

 

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин өкүлдөрү, Кыргыз Республикасындагы Россиянын гуманитардык кызматташтык өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Альберт Зульхарнеев, Кыргыз шахмат союзунун өкүлдөрү, коомдук ишмерлер, маданият кызматкерлери жана китеп сүйүүчүлөр катышышты.

 

Маданий кечеге борбор калаанын тургундары, жаштар жана шаар коноктору активдүү катышып, чыгармачылыкка жана руханий баалуулуктарга бай өзгөчө атмосфераны сезе алышты.

 

Саат 18:00дө башталган иш-чара түнкү саат 24:00гө чейин уланып, китеп менен маданияттын айланасындагы биримдикти дагы бир ирет даңазалады.

Автор
Редактор
14:39, 31-05-2026

Спорт

Саясат

Кылмыш

Экономика

Илим-билим

Дүйнөдө

Коом