КУУнун Университет күнүнө арналган майрамдык иш-чарасы Кызыл-Кыяда өттү
2026-жылдын 30-майында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин М.М. Тайиров атындагы Кызыл-Кыя гуманитардык-педагогикалык институтунда 31-май – Университеттин күнүнө арналган салтанаттуу майрамдык иш-чара өткөрүлдү.
Аталган иш-чарага Кыргыз улуттук университетинин ректору Д.Т. Чонтоев, Кызыл-Кыя шаарынын мэри Бакытбек Кошалиев, Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин төрагасы Асылбек Мурзаев, Сүлүктү шаарынын мэри Болот Абдыжа, университеттин Кесиптик бирлигинин төрагасы Кубанычбек Жумабеков жана башка ардактуу коноктор катышышты.
Майрамдык салтанат театралдаштырылган пролог менен ачылып, анда билимге жана илимге умтулган жаштардын кыялдары, келечекке болгон ишенимдери жана максаттары көркөм чагылдырылды.
Андан соң Кыргыз улуттук университетинин ректору, профессор Догдурбек Чонтоев куттуктоо сөз сүйлөп, жалпы жамаатты 31-майда белгиленүүчү Университеттин күнү менен куттуктады. Ал кесиптештерине чыгармачылык дем, илимий жана кесиптик ийгиликтерди, ал эми студенттерге окуудагы жетишкендиктерди, бийик максаттарды жана жаркын келечекти каалады.
Өз сөзүндө ректор университеттин кылымга тете тарыхы ата мекендик илимдин, жогорку билим берүүнүн, мамлекеттик башкаруу системасынын жана улуттук интеллигенциянын калыптанышы менен тыгыз байланышта экенин белгиледи. Ошондой эле Нарын, Талас жана Баткен мамлекеттик университеттеринин Кыргыз улуттук университетине кошулушу өлкөдөгү эң ири көп кампустуу Улуттук университетти түзүүгө багытталган маанилүү кадам экенин айтты. Анын белгилешинче, бул чечим жөн гана окуу жайлардын биригүүсү эмес, өлкөнүн интеллектуалдык потенциалын бириктирүүгө, жаштарды тарбиялоого, билим жана илим аркылуу улуттук биримдикти бекемдөөгө өбөлгө түзөт.
Ошондой эле университеттин Кесиптик бирлигинин төрагасы Кубанычбек Жумабеков куттуктоо сөзүн сүйлөп жана эмгегинде ийгиликтерди жараткан кызматкерлерге кесиптик бирликтин “Ардак грамотасын” тапшырды.
Университет жамаатын окуу жайдын туулган күнү менен Кызыл-Кыя шаарынын мэри Бакытбек Кошалиев, Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин төрагасы Асылбек Мурзаев, Сүлүктү шаарынын мэри Болот Абдыжапаров, Фергана мамлекеттик университетинин профессору Набижон Темиров, М.М. Тайиров атындагы Кызыл-Кыя гуманитардык-педагогикалык институтунун профессору Миталип Тайиров жана башка коноктор да куттукташты.
Салтанаттын жүрүшүндө Кызыл-Кыя гуманитардык-педагогикалык институтунун бир катар кызматкерлери «Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетине 100 жыл» юбилейлик медалы, Ардак грамоталар жана Ыраазычылык каттар менен сыйланышты.
Майрамдык кече институттун таланттуу окутуучулары менен студенттеринин аткаруусундагы ыр-бийлер менен коштолуп, келген конокторго жагымдуу маанай тартуулады.
Иш-чаранын соңунда Кыргыз улуттук университетинин гимни жаңырып, майрамдык салют атылды.
Белгилей кетсек, майрамдык иш-чара Кыргыз улуттук университетинин расмий сайты жана социалдык тармактардагы баракчалары аркылуу түз эфирде көрсөтүлдү.