Маалымат бизден башталат

Бизнестеги айымдар: насаатчылык ишкер айымдаргакантип жардам берет

ЕРӨБдүн «Бизнестеги айымдар» кредиттик линиясыбоюнча каржылык эмес кызматтар Кыргызстандагыишкер айымдарды өнүктүрүүгө кандайча колдоо көрсөтөт.

 

Кыргызстанда ишкер айымдар үчүн насаатчылыкпрограмманын бешинчи сезону старт алды. Ал Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) «Бизнестеги айымдар» программасынын каржылык эмескызматтарынын (NFS) алкагында FINCA Банк мененөнөктөштүктө ишке ашырылууда. Жаңы сезонго өлкөнүн ар кайсыл аймактарынан 36 лидер кыз-келиндер катышып, жети ай бою тажрыйбалуу насаатчылар менен биргеликте өзбизнесин өнүктүрүү жана масштабдоонун үстүндөиштешет.

 

Насаатчылык программа ЕРӨБдүн «Бизнестеги айымдар» комплекстүү сунушунун ажырагыс бөлүгү болуп саналат, ал өнөктөш банктар аркылуу каржылык инструменттерди жананасаатчылыкты, окутууну жана менеджментти өнүктүрүүнүкамтыган каржылык эмес колдоону айкалыштырат. Демилге2019-жылы Кыргызстанда ишке киргизилгенден бери, насаатчылык программага эки жылдан ашуун бизнес кылган же башкарган 300дөн ашык кыз-келин катышты. Алардын көбү рыноктогу позициясын бекемдеп, кирешесинкөбөйтүп, ишмердүүлүгүнүн географиясын кеңейтеалышты.

 

«Бизнестеги айымдар» программасынын алкагындагынасаатчылык компонентке болгон кызыгуунун өсүшүн, бизнести өстүрүү жана өзгөртүү этаптарында каржылыкэмес колдоо көрсөтүүгө ишкер айымдардын суроо-талабыжогору болгондугу тастыктап турат. FINCA Банк сыяктууөнөктөш банктар менен биргеликте биз каржылоого ганамүмкүнчүлүк бербестен, бизнести туруктуу өнүктүрүү үчүнтажрыйбалык куралдарды да сунуштайбыз», - депбелгилейт ЕРӨБдүн Кыргызстан, Тажикстан жанаТүркмөнстан боюнча аймактык директору АйтенРустамова.

 

Программанын бешинчи сезонуна өлкөнүн алты аймагынанкелген ишкерлер катышууда, алардын айрымдары FINCA Банктын кардарлары болуп саналат. Катышуучулардынбизнеси билим берүү, тамак-аш жана жеңил өнөр жай, соода, туризм жана айыл чарба сыяктуу тармактаргатаандык. «Бизнестеги айымдар» программасынынкаржылык эмес кызмат көрсөтүү компонентинин алкагындаалар насаатчылар менен биргеликте жаңы өсүү багыттарынаныктоо, бизнес-процесстерди жакшыртуу, илгерилетүүстратегиясын иштеп чыгуу жана башкаруу көндүмдөрүнчыңдоо үчүн иштешет.

 

Программанын ачылышында FINCA БанктынБашкармасынын төрагасы Махмуд Саидахматов: «FINCA Банк үчүн «Бизнестеги айымдар» программасына катышуу - бул ишкер айымдар менен болгон иштин логикалыкуландысы болуп саналат. Биз насаатчылыктыкардарларыбызды WiB алкагында ар тараптуу колдоонунмаанилүү элементи катары карайбыз: каржылыкпродуктылар менен катар, каржылык эмес кызматтар аялишкерлердин бизнесин туруктуу жана аң-сезимдүүөнүктүрүүгө жардам берет» - деп белгиледи.

 

Бешинчи сезондогу шакирт Гулдана Шабданова «Логофея» логопедиялык борборлорунун түйүнүн башкарат. Гулданамедицина, педагогика жана психология боюнча үч жогоркубилимге, ошондой эле кеңири бизнес тажрыйбага ээ. Азырал тармакты кеңейтип, логопедия боюнча автордуккурстарын өткөрүүгө көңүл буруп жатат.

 

«Мен дайыма жаңы нерселерди өнүктүрүп, сынап көрүүгөаракет кылам: соода жаатында бир нече долбоорлорумболду, бирок бүгүнкү күнү мен үчүн билим берүүартыкчылыктуу. Буга чейин бизнести өнүктүрүү үчүнFINCA Банктан насыя алгам, эми өзүмдүн билимимдибекемдеп жана кеңейтип, алга карай жылып, масштабдоонукаалап жатам. Мен жаңы тажрыйба жана колдоо үчүнпрограммага кошулуп жатам», - дейт ишкер айым.

 

Сатуу боюнча эксперт Азат Шаймерденов шакирткемаркетинг жана кардар менен өз ара аракеттенүүгө башкачакөз карашта кароого жардам берет.

 

Максаттардын бири - сатууну таңуулап же манипуляция кылуунун кереги жок экенин түшүндүрүү. Бул биздинжашообуздун табигый бөлүгү, анткени биз байкабаганыбызменен 24/7 үзгүлтүксүз сатып жатабыз. Мен үчүнпрограммага катышуу - бул билимим менен бөлүшүп, сынапкөрүү, кызыктуу тажрыйба топтоо жана балким, өз коркуусезимимди жеңүү болсо керек», - деп бөлүштү насаатчы.

 

Насаатчылык программа насаатчы менен жекече иштөөнүжана топтук тренингдерди, ишканаларды тааныштыруучуэкскурсиялар жана нетворкингдерди камтыйт. Мындайыкма бизнес көндүмдөрүн гана өнүктүрбөстөн, ишкерлергемыкты тажрыйба менен бөлүшүп, пайдалуубайланыштарды түзө ала турган кесиптик коомчулуктун бирбөлүгү болууга мүмкүндүк берет.

 

Насаатчылык программа ЕРӨБдүн «Бизнестеги айымдар» кредиттик линиясы боюнча сунушталган, финансылык эмескызмат көрсөтүүлөрдүн алкагында, FINCA банк мененбиргеликте, ишкер аялдар үчүн Финансылык демилгенин(We-Fi) жана Швейцария Өкмөтүнүн колдоосу мененЕРӨБдүн чакан бизнеске таасир этүүчү Фонду (Ирландия, Италия, Япония, Люксембург, Норвегия, Түштүк Корея, Швеция, Швейцария, Тайвань ЕРӨБдүн Бизнес-фонд техникалык кызматташтыгы, Бириккен Королдук жанаАКШ) аркылуу ишке ашырылууда.

Автор
Редактор
10:01, 30-04-2026

Спорт

Коом

Илим-билим

Дүйнөдө

Экономика

Саясат

Кылмыш