Кыргызстандагы жеке электр бөлүштүрүүчү компаниялар президент Садыр Жапаровго ачык кайрылуу жасашты
Кыргызстандагы жеке электр бөлүштүрүүчү компаниялар президент Садыр Жапаровго ачык кайрылуу жасашты.
Алардын айтымында, Энергетика министрлиги жаңы эрежелерди киргизгени жатат, бул эрежелер компанияларды электр энергиясын кымбат (импорттук) баада сатып алууга мажбурлайт. Бирок ошол эле учурда элге мурдагы эле арзан тариф менен сатууга туура келет. Бул болсо компанияларды чоң чыгымга учуратат.
Ишкерлер муну мыйзамга каршы жана адилетсиз деп эсептешет. Анткени тарифтер компаниялардын чыныгы чыгымына жараша эсептелиши керек, ал эми сунушталып жаткан система аларга кошумча жүк жүктөйт.
Мындан тышкары, алар министрлик эсеп-кысаптарды толук көрсөтпөй жатканын, бизнес менен ачык сүйлөшүү болбой жатканын да белгилешкен. Ошондой эле мындай саясат жеке компанияларды рыноктон сүрүп чыгарып, жыйынтыгында монополияга алып келиши мүмкүн деп кооптонушууда.
Кайрылууда дагы бир маанилүү маселе айтылган: эгер жеке компаниялар жок болуп кетсе, өлкөдө атаандаштык азайып, бул энергетика тармагына жана инвестициялык климатка терс таасир тийгизет.
Ошондуктан ишкерлер президенттен:
– бул демилгени токтотууну
– көз карандысыз текшерүү жүргүзүүнү
– ачык диалог уюштурууну
– жеке секторду коргоону
суранышты.
Алар өлкөнүн энергетикасын өнүктүрүүгө даяр экенин, болгону адилет жана түшүнүктүү эрежелер керек экенин белгилешти.