Баткенде аялы бычакталып, күйөөсү асылган абалда табылды
Окуя 26-апрелде эртең менен катталганын Чоң-Гара айылынын башчысы Темирбек Төлөбаев билдирди. Алдын ала маалыматка караганда, каза болгондор 45 жана 46 жашта. Жубайлар 5 балалуу болгон, үчөө окуучу.
“Окуя түн ичинде болгон окшойт. Эртең менен балдары көрүп, кабар беришкен. Аялы учтуу нерсе менен сайылып, күйөөсү даракка асынган абалда табылган. Милиция келип, сөөктөр экспертизага жөнөтүлдү. Үй-бүлөнүн буга чейин урушуп-талашканын уккан эмеспиз”, — деди айыл башчы.
Факт Баткен РИИБине катталып, милиция териштирүү иштерин жүргүзүүдө.
Автор
Редактор
00:52, 27-04-2026