Маалымат бизден башталат

Чет элдиктер таксиде иштеш үчүн расмий тилди билиши керек. Долбоор талкууга чыкты

Минкабдын токтом долбоору коомдук талкууга чыкты. Ага ылайык, чет өлкөлүк жарандарга (КМШдан тышкары) мамлекеттик же расмий тилди А1 же А2 деңгээлинде билгенин тастыктаган сертификат талап кылынат.

Ал эми такси кызматын көрсөткөн платформалар лицензиясы жок айдоочуларга буйрутма берүүгө тыюу салып, мындай учурлар тууралуу тиешелүү органдарга билдирүүгө милдеттүү болот. Ошондой эле айдоочулар жол коопсуздугу боюнча квартал сайын нускама өтүп турууга тийиш. 

Мындан тышкары, жүргүнчүлөрдү ташууда камсыздандыруу, техникалык талаптарды сактоо жана рулу оң жакта жайгашкан унааларды колдонбоо боюнча көзөмөл күчөтүлөт.

Автор
Редактор
00:47, 27-04-2026

Саясат

Экономика

Спорт

Дүйнөдө

Илим-билим

Кылмыш

Маданият

Коом