Маалымат бизден башталат

19 жана 20 жаштагы кыздар бильярд клубун өрттөөгө шектелүүдө

Кара-Суу районунун Мады айылында бильярд клубун өрттөөгө шектелген кыздар кармалды.

Алдын ала маалыматтарга ылайык, алар аталган жайда иштеп, эмгек акы алышпай калгандыктан өч алуу максатында мындай кадамга барышкан.

Өрт коюу учуру видеокөзөмөл камераларына түшүп калган.

Учурда 19 жана 20 жаштагы шектүүлөр кармалып, окуя боюнча териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.

Автор
Редактор
18:34, 21-04-2026

Дүйнөдө

Коом

Экономика

Кылмыш

Илим-билим

Спорт

Саясат

Маданият