Видео. Сузакта мугалим окуучуларга кол көтөргөн
Сузакта мугалимдин окуучуларга кол көтөргөнү боюнча окуя катталды.
Облустук милициянын маалыматына ылайык, окуя 8-апрелде болгон. Анда 3-класстын эки окуучусу ур-токмокко кабылганы аныкталган.
Факт Сузак райондук милициясы тарабынан каттоого алынып, текшерүү башталган. Анын жүрүшүндө Благовещенка айылындагы мектептин 51 жаштагы математика мугалими окуучулардын жүрүм-турумуна байланыштуу аларга кол көтөргөнү белгилүү болгон.
Учурда бул окуя боюнча териштирүү иштери уланууда.
Ошондой эле мектеп директорунун милдетин аткаруучу Сыргабү Жумагулова 16-апрелде мугалимдин 25-мартта жана 7-апрелде тартылган видеолору бар экенин билдирген. Анын айтымында, мугалим окуядан бир күн мурда арыз жазып, жумуштан кеткен.
Посмотреть эту публикацию в Instagram