Маалымат бизден башталат

Макулсузбу? Бишкекте суунун тарифин көтөрүү сунушталды

Бишкекте суу тарифтерин жогорулатуу сунушталды. Жаңы долбоорго ылайык, 1 куб метр ичүүчү суунун баасы 15,73 сом, ал эми канализация кызматы 6,80 сом болот.

Мындан тышкары, сууну көп көлөмдө пайдаланган ишканалар үчүн жогорулатылган коэффициенттерди киргизүү каралууда.

Азыркы учурда эсептегич орнотулган абоненттер 1 куб метр суу үчүн 10,45 сом, канализация үчүн 3,45 сом төлөшөт. Ал эми эсептегичи жок үйлөрдө бир адамга айына 111 сомдон алынууда.

Тарифтерди өзгөртүү сунушу чыгымдардын көбөйүшү жана инфраструктуранын эскиришине байланыштуу негизделген.

Автор
Редактор
18:07, 21-04-2026

Экономика

Саясат

Кылмыш

Коом

Спорт

Илим-билим

Дүйнөдө