Кыргызстанда келечектеги мамлекеттик кызматкерлер үчүн рейтингдик система киргизүү пландалууда. Бул тууралуу Мамлекеттик кызмат иштери боюнча агенттиктин адиси Жыргал Маратбекова Sputnik Кыргызстан маалымат борборунда өткөн брифингде билдирди.
Анын айтымында, учурда кенже кызмат орундарына бирдиктүү кадрлар резерви түзүлүп жатат. Бул резервге иш тажрыйбасы жок талапкерлер да катыша алат. Айрыкча жогорку окуу жайларын жаңы бүтүргөн бүтүрүүчүлөргө артыкчылык берилет.
Талапкерлерди тандоо бир нече этаптан турат: тестирлөө жыйынтыкталып, учурда талапкерлер маектешүүдөн өтүп жатышат. Бул этап бүткөндөн кийин кадрлар резерви расмий түрдө түзүлөт.
Жаңы система боюнча талапкерлер рейтинг аркылуу бааланат. Мамлекеттик органдар кадр сураган учурда, агенттик эң жогорку упай топтогон үч талапкерди сунуштайт. Андан соң мамлекеттик орган алардын ичинен бир талапкерди тандап алат.