Маалымат бизден башталат

Колдойсузбу? TikTok платформасын кайра ачуу сунушталды

Жогорку Кеңештин депутаты Махабат Мавлянова Кыргызстанда бөгөттөлгөн TikTok платформасын кайра ачуу сунушун көтөрдү.

Парламент жыйынында сүйлөгөн депутаттын айтымында, жарандар тыюу салынганына карабастан тиркемени VPN аркылуу колдонуп жатышат.

Ал улуттук коопсуздук жана жаштардын тарбиясы маанилүү экенин белгилеп, бирок тыюу салуу маселени толук чечпей турганын айтты. Депутаттын пикиринде, бүгүнкү күндө TikTok жөн гана көңүл ачуу каражаты болбостон, маалымат таратуу, билим берүү жана бизнес өнүктүрүү үчүн да маанилүү платформага айланган.

Белгилүү болгондой, Кыргызстанда TikTok 2024-жылдын апрелинен тартып бөгөттөлгөн. Мындай чечим Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети сунушу менен Санариптик өнүгүү министрлиги тарабынан кабыл алынган. Бийлик бул кадамды балдарды терс контенттен коргоо максаты менен түшүндүргөн.

Мындан тышкары, 2026-жылдын февраль айында маданият министринин орун басары Марат Тагаев да аталган тиркемени кайра ачуу сунушун билдирген. Анын айтымында, социалдык тармак бөгөттөлгөнүнө карабастан, колдонуучулар VPN аркылуу колдонуп келишүүдө.

Автор
Редактор
18:47, 15-04-2026

Экономика

Саясат

Кылмыш

Коом

Спорт

Илим-билим

Дүйнөдө