Бишкек шаарында 15 жылдан бери пайдаланууга берилбей келген көп кабаттуу турак жай расмий түрдө эксплуатацияга кабыл алынды. Тиешелүү акт үйдүн жашоочуларына салтанаттуу түрдө тапшырылды.
Иш-чарага КРнын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу мамлекеттик архитектуралык-курулуш көзөмөл департаментинин директорунун орун басары Руслан Суракматов жана Бишкек шаардык башкармалыгынын башчысы Мирлан Шайымкулов катышты.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаарындагы Киев көчөсү, 206 дарегинде жайгашкан 9 кабаттуу турак жай 15 жыл мурда ОсОО «КЭП Строй» тарабынан курулган. Эки блоктон турган үйдө жалпы 82 батир бар. Бирок ушул убакка чейин объект эксплуатацияга расмий киргизилбей, тургундар бир катар көйгөйлөргө туш болуп келишкен.
Тактап айтканда, батир ээлери менчик укугун каттай албай, керектүү документтерди алуу кыйынчылыктарын баштан кечиришкен. Мындан тышкары, коммуналдык кызматтар үчүн төлөмдөр узак убакыт бою жогорулатылган — өндүрүштүк тариф менен эсептелип келген.
Расмийлердин айтымында, эми бул маселелер толугу менен чечилип, тургундар бардык укуктук документтерди мыйзамдуу түрдө алууга мүмкүнчүлүк алышты.
Руслан Суракматов жашоочуларды куттуктап, көп жылдан бери топтолгон көйгөйлөр толук жоюлганын белгиледи.
Белгиленгендей, Садыр Жапаров тарабынан берилген тапшырманын негизинде, 2025-жылдан тарта өлкө боюнча көйгөйлүү көп кабаттуу үйлөрдү мыйзамдаштыруу иштери этап-этабы менен жүргүзүлүүдө.