Маалымат бизден башталат

Сел жүрүп, көчкү түшүшү ыктымал. ӨКМ шашылыш билдирүү таратты

Эртең түштөн кийин жана 17-апрелге чейин өлкөнүн аймактарында күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымдады.

Ошондой эле дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүп, айрым жерлерде нугунан чыгып кетүү коркунучу бар.

Мындан тышкары, тоолуу райондордо, атап айтканда Бишкек — Ош жолунун 121–138-чакырымдарында (Төө-Ашуу), 198–250-чакырымдарында (Чычкан капчыгайы, Ала-Бел ашуусу), ошондой эле Балыкчы — Казарман — Жалал-Абад жолунун 326–349-чакырымдарында (Көк-Арт ашуусу) кар көчкү түшүшү ыктымал.

Мындан сырткары, айрым ашууларда кар күрткүсү жаралып, жолдордо муз тоңуп, тайгалак кырдаал жаралышы мүмкүн.

Коопсуздук максатында айдоочуларга жолдо бара жаткан автоунаалар ортосунда кеминде 500 метр аралыкты сактоо сунушталат.

 
 
Автор
Редактор
17:02, 14-04-2026

Экономика

Саясат

Кылмыш

Коом

Спорт

Илим-билим

Дүйнөдө