Маалымат бизден башталат

19,8 гектар жер талашы: жетим бир туугандар адилеттик издеп жүрөт

Журналист Сайрагүл Дуулатова социалдык тармактагы баракчасына Москва районундагы майып, томолок жетим бир туугандардын маселеси боюнча билдирүү жарыялады.

Анын айтымында, Аспеков Данияр жана Рустам аттуу тубаса мүмкүнчүлүгү чектелген бир туугандарга тиешелүү 19,8 гектар жер үлүшү жана жашаган үйү алдамчылык жол менен башка адамдардын атына өткөрүлүп кеткен. Бул аракеттерге Москва районунун тургуну Абдулвохид Ташев баштаган топ шектелүүдө.

Маалыматта белгиленгендей, аталган жер үлүшү алардын апасы Батыркулова Сыйнагүлдүн атына катталган. Бирок ар кандай ыкмалар менен келишимдерге кол койдурулуп, мүлк бир нече жолу сатылып, изи жашырылган. Натыйжада бир туугандар жеринен да, үйүнөн да ажырап, учурда батирлерде жашоого аргасыз болуп жатышат.

Ошондой эле, бир туугандар сот жана укук коргоо органдарына бир нече жолу кайрылып, прокуратура тарабынан жерди кайра кайтарып берүү боюнча чечим чыгарылганы айтылат. Бирок бүгүнкү күнгө чейин бул талап аткарылбай келүүдө.

Учурда бул иш Ички иштер органдарынын Москва райондук бөлүмүндө тергөөчү Чыңгыз Жаналиевдин кароосунда экени, бирок иштин жүрүшү жай жүрүп жатканы кошумчаланат.

Журналист өз билдирүүсүндө өлкө башчысы Садыр Жапаровка кайрылып, бул маселени жеке көзөмөлүнө алууну суранган.

Автор
Редактор
17:34, 03-04-2026

Илим-билим

Кылмыш

Коом

Экономика

Саясат

Спорт

Дүйнөдө