Маалымат бизден башталат

Бангладештик жаран 9 мекендешин сызга отургузуп кеткен деп шектелүүдө

Бишкек шаарында иштеп жүргөн Бангладеш жарандары милицияга кайрылып, мекендеши тарабынан алданганын билдиришти. Алардын айтымында, 23 жаштагы жаран акчаларын мекенине жөнөтүп берүүнү убадалап, бирок каражатты өзүнө ыйгарып кеткен.

Жабырлануучулар келтирген зыяндын суммасы 1 миллион сомдон ашары маалым болду.

Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү катары И.М. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө иштери уланууда.

Автор
Редактор
17:04, 03-04-2026

Илим-билим

Кылмыш

Коом

Экономика

Саясат

Спорт

Дүйнөдө