Маалымат бизден башталат

Centrum Air Ташкент – Ош багыты боюнча туруктуу каттамды ишке киргизди

Centrum Air авиакомпаниясы Кыргызстандагы түштүк борбору менен туруктуу аба каттамын ачып, Ташкент – Ош – Ташкент багыты боюнча алгачкы рейсти ийгиликтүү аткарды.

Аталган каттам 1-апрелде ишке кирип, биринчи учуштун жыйынтыгында “Ош” эл аралык аэропортуна 98 жүргүнчү келип, ал эми Оштон Ташкентке 141 жүргүнчү учуп кеткен. Бул жаңы багытка болгон жогорку суроо-талапты көрсөтөт.

Маалыматка ылайык, каттамдар жумасына эки жолу — шаршемби жана ишемби күндөрү аткарылат. Рейстер Airbus A320 үлгүсүндөгү заманбап учактар менен ишке ашырылып, учуу узактыгы болжол менен 1 саат 10 мүнөттү түзөт.

Ырааттама Ташкент шаарындагы башка каттамдар менен ыңгайлуу байланышты камсыз кылып, жүргүнчүлөргө авиакомпаниянын маршруттук тармагы аркылуу башка багыттарга учууга мүмкүнчүлүк берет.

“Кыргызстан аэропорттору” ААК жаңы авиамаршруттарды өнүктүрүү — бул команданын координацияланган ишинин жана өзбекстандык өнөктөштөр менен натыйжалуу кызматташуунун жыйынтыгы экенин белгиледи.

Автор
Редактор
11:56, 03-04-2026

Илим-билим

Кылмыш

Коом

Экономика

Саясат

Спорт

Дүйнөдө