Кыргызстан Иранга 129 тонна гуманитардык жардам жөнөттү
Кыргызстандын атынан Иранга жалпы салмагы 129 тоннаны түзгөн гуманитардык жардам бүгүн, 3-апрелде 7 жүк ташуучу унаа менен жөнөп кетти. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев билдирди.
Анын айтымында, президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы боюнча Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Тышкы иштер министрлиги менен биргеликте уюштурулган бул жардам ӨКМдин жети оор жүк ташуучу унаалар колоннасына жүктөлүп, Кыргызстандын аймагынан чыгып кетти.
Министр белгилегендей, 129 тонналык жардамдын 66 тоннасы азык-түлүк (ун, эт консервалары, өсүмдүк майы), 63 тоннасын дары-дармек каражаттары түзөт.
Бул кадам жабыр тарткан жарандык калкка жардам көрсөтүүгө багытталган.
Автор
Редактор
11:38, 03-04-2026