КР УКМК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында жарандарды мамлекеттик мекемеге жалган түрдө жумушка орноштуруу фактысы аныкталды.
Маалыматка ылайык, 2024-жылдын башында Нарын облусунун Нарын районундагы Куланак айылынын тургундары О.А.О. жана Т.у.А. «Тангабийке-Бердике» балдар бакчасына жумушка кабыл алынган. Бирок алар ишке алынгандан кийин өз милдеттерин аткарган эмес жана узак убакытка айыл аймагынан чыгып кетип турушкан.
Тергөө учурунда аталган жарандар ишке чыкпаганы менен, жумуш убактысын эсепке алуу табели жасалма толтурулуп, айлык акылар үзгүлтүксүз төлөнүп келгендиги аныкталган.
Бул факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренесинин 4-бөлүгүнүн 2-пункту (ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же ысырап кылуу) боюнча кылмыш иши козголду.
Ошондой эле бала бакчанын директору Т.Т.Э. күнөөсүн моюнуна алып, мамлекетке келтирилген 750 миң сом өлчөмүндөгү зыянды толугу менен кайтарып бергени маалым болду.