СУЗАК РАЙОНУНДА МАЛ СОЮУ ЖАЙЛАРЫНДА МОНИТОРИНГ ЖҮРГҮЗҮЛДҮ
Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматынын кызматкерлери Сузак районундагы мал союу жайларында пландуу мониторинг жүргүзүүдө.
Мониторингдин алкагында жаныбарларды коштоочу ветеринардык документтердин болушу, оорулуу малдарды киргизүүгө жана союуга жол бербөө, ошондой эле идентификация талаптарынын аткарылышы (кулак биркаларынын жана электрондук чиптердин болушу) көзөмөлгө алынды.
Союу пункттарында ветеринардык-санитардык нормаларды сактоого өзгөчө көңүл бурулуп, санитардык абалды сактоо, дезинфекциялык тоскоолдуктардын (дезоматтардын) болушу жана колдонулушу текшерилди.
Адистер объекттердин ээлери жана кызматкерлери менен түшүндүрүү ишин жүргүзүп, натыйжада тиешелүү буйруктар жана эскертүүлөр берилди.
Ветеринардык адис тарабынан милдеттүү көзөмөлсүз малды союуга жол берилбестиги өзгөчө белгиленди.
Ошондой эле соода объекттеринде лабораториялык текшерүүдөн өтпөгөн этти сатпоого багытталган түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.
Бул иш-чаралар ветеринардык-санитардык коопсуздукту камсыз кылууга, калктын ден соолугун коргоого жана инфекциялык оорулардын жайылышын алдын алууга багытталган.
Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматы мындай мониторинг иштерин системалуу жана туруктуу негизде улантат.
Автор
Редактор
16:29, 01-04-2026