Маалымат бизден башталат

Бишкекте мэрдин жаңы жылдык балаты майрамы өттү

2025-жылдын 28-декабрында «Жаштык аренада» Бишкек шаарынын мэринин кичинекей шаар тургундары үчүн уюштурулган жаңы жылдык балаты майрамы болуп өттү. Майрамдык иш-чаранын ардактуу коноктору Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев, Кыргыз Республикасынын балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асель Чынбаева жана Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары Жылдызбек Абдраимов болушту.

 

Борбор калаанын башчысы балдарды келе жаткан Жаңы жыл менен куттуктап, бекем ден соолук, окууда ийгиликтерди, чыгармачылык өсүштү, бактылуу балалыкты жана эң асыл тилектеринин орундалышын каалады.

 

«Силер — биздин келечегибизсиңер. Ошондуктан ар дайым адилеттүү, максатка умтулган жана эмгекчил болгула. Кыялдануудан коркпогула жана өз күчүңөргө ишенгиле. Ата-энеңерди, мугалимдериңерди жана улууларды урматтагыла», — деп белгиледи мэр.

 

Майрамга окуудагы мыкты жетишкендиктери менен айырмаланган, мектеп турмушунда активдүү катышкан, шаардык жана республикалык сынактардын жеңүүчүлөрү, ошондой эле көп балалуу жана социалдык жактан аялуу үй-бүлөлөрдөн чыккан жалпы 3000ге жакын бала катышты.

 

Жаш коноктор үчүн жаркын майрамдык программа даярдалып, алар «Кыргызстандын 7 керемети» аттуу жаңы жылдык театралдаштырылган оюн-зоокту көрүштү. Бул коюу балдарды Кыргызстандын маданий мурасы, салт-санаасы жана руханий баалуулуктары менен жомоктогудай, кызыктуу формада тааныштырды.

 

Майрам балдарга унутулгус эмоцияларды, жаңы жылдык кереметке толгон маанайды тартуулап, борбор калаада Жаңы жыл алдында өткөрүлүп жаткан майрамдык иш-чаралардын маанилүү бөлүгү болду.

Автор
Редактор
12:31, 28-12-2025

Илим-билим

Кылмыш

Коом

Экономика

Саясат

Спорт

Дүйнөдө