Маалымат бизден башталат

Сузак районунда сугат айдоо жерлерин мыйзамсыз ээлеп алуу фактылары аныкталды

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызматтын Жалал-Абад облусу боюнча аймактык башкармалыгы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жүрүшүндө Сузак районуна караштуу С. Атабеков атындагы айыл өкмөтүнүн Мундуз айылынын айрым жашоочулары айыл чарба багытындагы сугат айдоо жерлерин өзүм билемдик менен мыйзамсыз ээлеп алып, аларга турак жай куруу фактылары аныкталды.

 

Аталган жарандарга Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги ПЖ №109 «Жерлерди өзүм билемдик менен мыйзамсыз ээлеп алуу фактыларын алдын алуу жана болтурбоо боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгынын талаптарын сактоо боюнча эскертүүлөр берилип, тиешелүү түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

 

Жыйынтыгында, аныкталган фактылар боюнча материалдар мындан аркы кароо үчүн Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгына өткөрүлүп берилди.

Автор
Редактор
12:51, 15-12-2025

Саясат

Илим-билим

Дүйнөдө

Экономика

Коом

Кылмыш

Спорт