КУУда чет элдик ыктыярчы окутуучулар менен салтанаттуу жолугушуу өттү
Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде көп тилдүү билим берүүнүн өнүгүшүнө зор салым кошуп келе жаткан чет элдик ыктыярчы окутуучулар менен салтанаттуу жолугушуу болуп өттү. Учурда КУУда 40 ыктыярчы окутуучу кытай, жапон, корей, түрк, немец, англис жана поляк тилдерин окутуп, университеттин эл аралык байланыштарын бекемдөөгө активдүү катышып келишет.
Иш-чара ыктыярчылардын эмгегине терең ыраазычылык билдирүү жана алардын университеттеги билим берүү процессин жигердүү колдогондугун белгилөө максатында өткөрүлдү. Жолугушуу Жаңы жыл алдында уюштурулуп, келерки жылы өнөктөштүктү андан ары кеңейтүү ниетин да чагылдырып турду.
Иш-чарага катышкан коноктор:
- КУУнун ректору жана жетекчилиги
- факультет декандары жана директорлору
- студенттер
- Кытай, Япония, Корея Республикасы, Россия жана Белоруссиянын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн мүчөлөрү
- университеттин чет элдик өнөктөштөрү
Жыйын жүрүшүндө тараптар пикир алмашып, мындан аркы кызматташтык, биргелешкен долбоорлор жана көп тилдүү билим берүүнү өркүндөтүүчү жаңы демилгелер талкууланды.
КУУ чет элдик ыктыярчы окутуучулардын ар бирине көрсөткөн эмгеги жана университеттин эл аралык аброюн жогорулатууга кошкон зор салымы үчүн терең ыраазычылык билдирди.