Журналистика жана коммуникация институтунда “Айтматов окуулары” форуму өттү
Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде Москва мамлекеттик лингвистикалык университети ишке ашырып жаткан ири долбоордун алкагындагы “Айтматов окуулары” эл аралык форумунун экинчи күндөгү иш-чаралары уланып жатат. Иш-чаранын уюштуруучуларынын бири катары КУУнун Журналистика жана коммуникация институту форумдун мазмундук жана уюштуруучулук бөлүгүндө өзгөчө роль ойнодо.
Форумдун алкагында бир катар маанилүү программалар өттү, анын ичинде:
- “Айтматовду дүйнө тилдеринде окуу” аттуу эл аралык медиа сынак;
- “Айтматовдой бол! XXI кылымда ийгиликке жетүү жолдору” аттуу россиялык жана кыргызстандык жазуучулар катышкан коомдук баяндама;
- Ч.Айтматовдун мурасына арналган интеллектуалдык квиз.
Форум Москва мамлекеттик лингвистикалык университетинин “КМШ өлкөлөрүнүн маданий мейкиндигинде жана дүйнөлүк көркөм маданиятта Ч.Айтматовдун чыгармачылыгын интеграциялоо” долбоорунун алкагында уюштурулууда. Бул иш-чаралар жазуучунун 95 жылдыгына арналган программалардын уландысы катары 2028-жылы белгилене турган 100 жылдык мааракеге даярдыктын негизги платформасын түзөт.
Форумга Россиянын бир катар университеттеринен жана илимий борборлорунан Айтматов таануучулар, ошондой эле Кыргызстандагы жогорку окуу жайларынын окутуучулары жана студенттери катышууда.
Журналистика жана коммуникация институтунун студенттери форумду медиа жактан жандуу чагылдырып, интервью, репортаж жана фото-видеоматериалдарды даярдап жатышат. Институттун окутуучулары талкууларды уюштурууга, конокторду багыттоого жана тематикалык секцияларды өткөрүүгө салым кошуп, форумдун мазмундук жүрүшүн камсыз кылууда.
Форумдун ийгиликтүү өтүшүнө кошулган бул салым Институттун гуманитардык билим берүүнү өркүндөтүүдөгү ордун жана Чыңгыз Айтматовдун мурасын жаңы муунга жайылтуудагы маанисин дагы бир жолу тастыктады.