Маалымат бизден башталат

КУУда Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына арналган «Миру — Мир!» эл аралык студенттик кинофестивалы ачылды

Жусуп Баласагын атындагы КУУнун журналистика жана коммуникация институтунда Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына арналган «Миру — Мир!» Эл аралык студенттик кинофестивалынын ачылышы өттү. Иш-чарага Россия, Казакстан, Өзбекстан, Монголия жана Тажикстандан студенттик тасмалар катышууда.

Фестиваль тарыхый мурастарды кино аркылуу келерки муундарга жеткирүүнү, маданий-гуманитардык диалогду чыңдоону максат кылат.

Ачылышта институттун директору Ш. Костюк согуш темасын туура жана адамдык баалуулуктар менен чагылдырууда кинематографтын маанисин белгиледи. Россиянын Кыргызстандагы элчилигинин өкүлү Екатерина Чистова Улуу Жеңиш элдерди бириктирген тарыхый баалуулук экенин айтты. Мындан тышкары РФ Мамлекеттик Думасынын депутатынын жардамчысы, «Георгий Победоносец» уюмунун директору А. Измайлов коомдук демилгелердин тарыхты сактоодогу ролуна токтолду.

Фестивалдын ардактуу коногу, Россиянын белгилүү актёру Игорь Петренко студенттер менен жолугушуп, маалыматтык бурмалоо күч алган учурда кино тарыхты сактоонун маанилүү куралы экенин баса белгиледи.

Ошондой эле Петренко баштаган делегация КУУнун ректору Д. Чонтоев менен жолукту. Ректор фестивалдын тынчтыкты, тарыхый мурасты жана маданий баалуулуктарды жайылтуудагы ордун белгилеп, конокторго ыраазычылык билдирди.

Фестиваль КУУнун маданий платформасын бекемдеп, студенттерге дүйнөлүк кинематографияга жакындан таанышууга мүмкүнчүлүк түзөрү айтылды. «Миру — Мир!» долбоору эл аралык деңгээлде тарыхты сактоо жана студенттик чыгармачылыкты колдоого багытталган маанилүү иш-чара катары өз миссиясын улантууда.

 
 
Автор
Редактор
10:44, 25-11-2025

Саясат

Коом

Экономика

Спорт

Илим-билим

Кылмыш

Дүйнөдө