Маалымат бизден башталат

Бишкекте Global Atomic Quiz 2025 эл аралык викторинасы болуп өттү

2025-жылдын 12-ноябрында Бишкек шаарында Бүткүл дүйнөлүк илим күнүнө арналган, эл аралык илимий-популярдуу викторина - Global Atomic Quiz 2025 болду. Ишчара «Росатом» Мамлекеттик корпорациянын колдоосу менен өткөрүлүп, ага70тен ашык катышуучу - Кыргызстандын алдыңкы университеттеринин студенттери келишти.

Викторинанын негизги максаты — жаштардын табигый илимдерге болгон кызыгуусун арттыруу, илимий сабаттуулукту жогорулатып, заманбап атомдук технологиянын адам жашоосундагы маанисин көрсөтүү болуп саналат.

«Росатом» мамлекеттик корпорациясынын Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн башкы директору Дмитрий Константинов өз сөзүндө катышуучуларга кайрылды:

“Силер бүгүн бул жерге капыстан келген жоксуңар – силерди кийинки келечек кызыктырат. Дал ушул силердин муун эртеңки күндөгү Кыргызстандын технологиялык прогрессинин келечегин аныктайт. Быйыл атомдук тармак өзүнүн 80 жылдыгын белгилеп жатат. Ушул он жылдыктарда «Росатом» ядролук медицинадан жана санариптик технологиялардан баштап туруктуу энергияга чейинки көптөгөн алдыңкы чечимдерди киргизди.Бардык жетишкендиктердин ачкычы билим берүүжана илимий потенциал экендигине ишенебиз. Бүгүн биз Кыргызстандагы жаш адистердинэбегейсиз зор потенциалын көрүп жатабыз. Бизөлкөдө таза энергия долбоорлорун — гидро жанашамалэнергетикасын ишке ашырып жатабыз. Буламбициялуу пландарды ишке ашыруу үчүн бизгесилер, таланттуу жана жогорку квалификациялууадистер керексиңер. - деп белгиледи Дмитрий Константинов.

Катышуучулар атомдук технологиялардыэнергетикада, медицинада, искусстводо жанакосмосту изилдөөдө колдонулуучу 18 тематикалыксуроого жооп бериши керектелди. Викторина атаандаштыктын жана билим берүүнүнэлементтерин айкалыштырып, катышуучуларга өзбилимдерин текшерүүгө гана эмес, ошондой эле заманбап илимий жетишкендиктер жана алардынпрактикалык колдонулушу жөнүндө көбүрөөкбилүүгө мүмкүндүк берди.

Иш-чараны И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетининжылуулук энергетикасы кафедрасынын башчысы, техника илимдеринин кандидаты, доцент СайрагүлНасирдинова алып барды.

Викторинанын жыйынтыгы боюнча төмөнкүжеңүүчүлөр аныкталды:

Эрболот Усупбеков – 18 суроонун баарына тууражооп берип, биринчи орунду ээледи;

Ажыбек Жаныбек уулу - экинчи орунду алды;

Алишер Эрнистов жана Сезим Анарбекова - бирдейупай топтоп, үчүнчү орунга ээ болушту.

«Чынын айтсам, мен мындай жыйынтыктыкүткөн эмесминдагы деле бир аз толкунданыпжатам. Албетте, даярдандым, мугалимдер жанадосторум менен кеңешип жаткам, бирок мындайийгиликке жетем, деп элестете алган эмесмин. Мен Раззаков атындагы КМТУда жылуулукэнергетика” багытында окуйм жана мен үчүн булжеңиш кубаныч гана эмес, кесибимди андан ары өнүктүрүүгө түрткү болот деп ойлойм», - деп билдирди викторинанын жеңүүчүсү ЭрболотУсупбеков.

Жеңүүчүлөргө эстеликке сыйлыктар жанадипломдор тапшырылды. Ар бир катышуучугасертификат жана белектер берилди.

Эске салсак, Global Atomic Quiz 2020-жылдан бери өткөрүлүп келет жана жыл сайын 70тен ашыкөлкөдөн катышуучуларды бириктирет. Долбоорилимий билимдерди жайылтууга, атомдук өнөржайдын оң имиджин калыптандырууга жанажаштарды жогорку технологияларды өнүктүрүүгөтартууга багытталган. 2023-жылы викторина IX Бүткүл Россиялык Илимге берилгендик” сыйлыгынын “Илим тынчтыкка” номинациясына ээболгон.

Кыргызстанда Global Atomic Quiz биринчи жолу 2024-жылы өткөрүлүп, ага 40тан ашык катышуучукатышкан.

Автор
Редактор
16:34, 13-11-2025

Экономика

Илим-билим

Саясат

Кылмыш

Коом

Дүйнөдө

Спорт