Маалымат бизден башталат

 

Бишкекте издөөдө жүргөн чет өлкөлүк жаран жүздү таануу камералары аркылуу кармалды

 

2025-жылдын 8-ноябрында Ички иштер министрлигинин кызматкерлери тарабынан “Коопсуз өлкө” тутумуна кошулган жүздү таануу видеокамерасынын жардамы менен издөөдө жүргөн чет өлкөлүк жаран кармалды.

 

Маалыматка ылайык, 1992-жылы туулган У.С. аттуу Молдова Республикасынын жараны 2016-жылдан бери Интерпол линиясы боюнча изделип келген. Ал Молдова Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 171-беренесинде (зордуктоо) көрсөтүлгөн кылмышты жасагандыгы үчүн Молдова Ички иштер министрлигинин демилгеси менен мамлекеттер аралык жана эл аралык издөөдө болгон.

 

Алынган маалыматтарга ылайык, 2014-жылы шектүү жашы жете элек кызга карата зордуктоо жана физикалык зомбулук көрсөткөндүгү үчүн жоопкерчиликке тартылган.

 

Кармалган жаран Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мындан аркы тергөө иш-аракеттерин жүргүзүү үчүн Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын Тергөө кызматына жеткирилди.

 

Учурда тергөө амалдары улантылууда.

Автор
Редактор
16:01, 10-11-2025

Саясат

Коом

Экономика

Спорт

Илим-билим

Кылмыш

Дүйнөдө