Маалымат бизден башталат

Бүгүн Бишкекте “Кыргызстандын медиамейкиндиги” медиафоруму өттү

 

Бишкек, 7-ноябрь 2025-жыл – Бүгүн “Слово Кыргызстана” гезитинин 100 жылдыгынын алкагында “Кыргызстандын медиамейкиндиги: учурдагы абалы жана өнүгүү багыттары” аталышындагы медиафорум болуп өттү.

 

Иш-чара Бишкек шаарындагы “Технопарк” IT хабында уюштурулуп, ага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин, мамлекеттик органдардын, медиа коомчулуктун жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты. Форумдун жүрүшүндө кыргыз журналистикасынын өткөн жолу, азыркы жетишкендиктери жана келечектеги өнүгүү багыттары талкууланды.

 

Иш-чаранын катышуучулары форумдун программасы менен таанышып, актуалдуу медиа маселелер тууралуу пикир алышты. 

Автор
Редактор
16:01, 07-11-2025

Саясат

Коом

Экономика

Спорт

Илим-билим

Кылмыш

Дүйнөдө