ИИМ чет элдик медициналык жабдууларды мыйзамсыз бөлүштүрүү фактысы боюнча тергөө жүргүзүүдө
ИИМдин Тергөө кызматы чет элдик техникалык кредиттердин алкагында өлкөгө жеткирилген медициналык жабдууларды мыйзамсыз алып, ыйгарып берүү боюнча кылмыш ишин иликтеп жатат. Шектелгендер катарына “Көз микрохирургиясы” госпиталынын директору Алмазбек Исманкулов жана Ж.Баласагын атындагы КУУ, Саламаттык сактоо жана Билим берүү министрликтеринин бир катар кызмат адамдары кирет.
1997-жылы КУУнун алдындагы “ИнтерГоспиталь” ЖЧКсы түзүлүп, директору болуп А.Исманкулов дайындалган. 1998-жылы ал кореялык “Медисон Ко. ЛТД” компаниясы менен жабдууларды жеткирүү боюнча келишим түзгөн. 1999–2000-жылдары өлкөгө жалпысы 9 миллион АКШ долларынан ашык медициналык жабдуулар келген.
Тергөө материалдарына ылайык, жабдуулар мыйзамсыз түрдө жеке менчик клиникаларга өткөрүлгөн. Аталган кредиттер бүгүнкү күнгө чейин төлөнө элек, 2025-жылга карата карыз суммасы 31 миллион АКШ долларын түзөт.
ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында А.Исманкулов КР Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (коррупция) боюнча шектелип кармалды. Биринчи май райондук соту анын камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасын тандаган. Учурда бул фактка тиешеси бар адамдарды аныктоого багытталган кошумча ыкчам-тергөө иш-чаралары уланууда.