Талаадан заводго: Кыргызстанда кант өндүрүү сезону башталды
Кыргызстандын кант тармагы үчүн быйылкы айдап-себүү сезону татаал өттү. Жаздагы суук жана мөндүрдөн улам дыйкандар үрөндү эки жолу себүүгө мажбур болуп, түшүмдүүлүк дээрлик эки эсеге азайды. Натыйжада 2025-жылы 13 миң гектардан 550 миң тоннадай кант кызылчасы жыйналары күтүлүүдө — бул былтыркы көрсөткүчтөн кыйла төмөн.
Чүй жана Талас облустарындагы дыйкандар түшүмүн “Кайыңды-Кант” жана “Кошой” заводдоруна өткөрүп, кайра иштетүү башталды. Өндүрүштүн жылдык планы — 60 миң тонна кумшекер чыгаруу. Бул өлкөнүн ички керектөөсүнүн 60% камсыздайт.
Заводдор менен дыйкандар жазында келишим түзүшөт: төлөм 30% акча, 70% даяр кант түрүндө жүргүзүлөт. Орточо эсеп менен кызылчанын бир тоннасынан 75 кг кант алынат.
Акыркы жылдары заводдор ишти санариптештирүүдө: мобилдик тиркеме аркылуу фермерлер түшүмдүн салмагы, кирдүүлүгү жана канттуулугу тууралуу маалыматты телефондон көрө алышат. Быйыл электрондук кезек системасы да ишке кирди — бул тыгындарды азайтууга жардам берүүдө.
Кызылчадан кумшекер өндүрүү процесси 8–9 саатка созулат. Ал лабораториялык текшерүүдөн өтүп, жуулуп, майдаланып, ширеси бөлүнүп чыгат. Андан соң тазалоо, буулантуу жана кристаллдаштыруу этаптарынан өтүп, даяр кант таңгакталып, кампаларга жөнөтүлөт. Завод суткасына 3 миң тонна кызылчаны кайра иштетип, 400 тоннадан ашык кумшекер чыгара алат.
“Кайыңды-Кант” жана “Кошой” ишканалары азыркы учурда туруктуу режимде иштеп жатат. Өндүрүш рентабелдүүлүктүн чегинде болсо да, заводдор 2000ге жакын адамды жумуш менен камсыз кылууда.
“Кант кызылчасын өстүрүү – эмгек жана суу талап кылган татаал иш. Мамлекеттик колдоонун болушу бул тармак үчүн абдан маанилүү”, — деди “Кошой” заводунун директору Павел Немченко.
Адистердин айтуусунда, быйыл түшүм аз болгону менен, кант боюнча тартыштык болбойт — мурунку жылдагы запастар жана импорт бул маселени жоё алат.