КУУнун 100 жылдыгына арналган эл аралык форум өтүүдө
2025-жылдын 24-октябры. Бишкек.
Ала-Арча мамлекеттик резиденциясында бүгүн Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин 100 жылдык мааракесине арналган “Заманбап дүйнөдө жогорку билимдин орду: глобалдык чакырыктар жана коркунучтар шартында Кыргызстандын жогорку мектеби” аттуу эл аралык форум өз ишин баштады.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси, Кыргыз Эл жазуучусу Арслан Койчиев, Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Бактияр Орозов, Агартуу министри Догдургул Кендирбаева, ошондой эле өлкөнүн жогорку окуу жайларынын ректорлору, окумуштуулар жана ардагер коноктор катышууда.
Форумго Казакстан, Өзбекстан, Россия, Япония жана Кытай сыяктуу өлкөлөрдүн жогорку окуу жайларынан жана илимдер академияларынан өкүлдөр келишип, жогорку билимдин өнүгүү тенденцияларын, заманбап чакырыктарды жана аймактык кызматташтык маселелерин талкуулоодо.