БИШКЕК ШААРЫНДАГЫ №21 ОРТО МЕКТЕП ВОРКАУТ-АЯНТЧАЛУУ БОЛДУ
Бишкек шаарынын Свердлов районуна караштуу №21 орто мектеп заманбап спорттук воркаут-аянтчага ээ болду. Бул мектеп жарым жыл мурун башталган экологиялык акциянын жыйынтыгы боюнча жеңүүчү деп табылган.
Мектептин директору Жениш уулу Азимдин айтымында, бул ийгиликке биримдик менен ынтымак себеп болгон:
“Свердлов районундагы 25 мектептин ичинен үчүнчү орунга ээ болуу — бул чоң жетишкендик. Окуучулар, ата-энелер жана жалпы жамаат биригип аракет кылдык. Азыр мектепте 1900 окуучу билим алат, алардын баары активдүү катышышты. Кийинки долбоорлорго да сөзсүз катышабыз,” — деди ал.
Бүгүн жаңы аянтчанын ачылыш аземи өтүп, ага долбоордун демилгечилери, курулуш компаниялардын жана шаардык мэриянын өкүлдөрү катышты. Бишкек шаарынын вице-мэри Р.Алиев окуучуларды жаңы аянтчанын ачылышы менен куттуктап, экологиялык акцияга жигердүү катышкандыгы үчүн ыраазычылык билдирди:
“Экологияга эң зыяндуу калдыктардын бири — батареялар. Биз бул тууралуу балдарга айтып эле тим болбостон, ‘Сенин Эко Зарядың’ аттуу акция аркылуу практикалык билим берүүнү көздөгөнбүз. Натыйжада №12, №66 жана №21 мектептер эң активдүү болуп чыкты. Ушундай аракеттерди уланта бериңиздер,” — деди вице-мэр.
Жеңүүчү болгон үч мектепке жергиликтүү курулуш компаниялары тарабынан воркаут-аянтчалар курулуп берилди. Алардын бири — PARTNER компаниялар тобу. Компаниянын тең-негиздөөчүсү Рафгат Хантимеровдун айтымында, долбоор экологиялык жана коопсуздук талаптарына ылайык ишке ашырылган:
“Бул демилгени колдоого дароо макул болдук. Анткени ар бирибиз үчүн балдардын саламаттыгы жана коопсуздугу маанилүү. Аянтчаларды экологиялык жактан таза жана сапаттуу материалдар менен курдук. Алар узак жылдар бою кызмат кылат,” — деди ал.
Акциянын уюштуруучулары билдиргендей, айлана-чөйрөнү коргоо жана экологиялык маданиятты өнүктүрүүгө багытталган ушундай иш-чаралар мындан ары да жыл сайын өткөрүлүп турмакчы.