Маалымат бизден башталат

“Буранада” Жусуп Баласагын күнү жана КУУнун 100 жылдыгы белгиленди

2025-жылдын 21-сентябрында “Бурана” этнографиялык комплексинде Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин (КУУ) 100 жылдыгына жана Жусуп Баласагын күнүнө арналган мааракелик иш-чара өттү.

 

Иш-чаранын максаты – улуу ойчулдун руханий мурасын даңазалоо, анын чыгармаларынын бүгүнкү коом үчүн маанисин баса белгилөө жана жаш муундун мекенчилдик сезимин чыңдоо.

 

Мааракени “Улыбка” бий ансамблинин “Күн нуру” бийи ачып, андан соң төкмө акындар ырдашты, Жусуп Баласагындын чыгармаларынан үзүндүлөр окулду. КУУнун ректору Догдурбек Чонтоев Баласагын мурасы билим, адилеттик жана ыймандуулуктун түбөлүк символу экенин белгилеп, бардык катышуучуларды куттуктады.

 

Иш-чарага мамлекеттик катчы Марат Иманкулов, министрликтердин жана Чүй облусунун жетекчилери катышып, куттуктоо сөздөрүн айтышты. Акырында сыйлуу меймандар “КУУга 100 жыл” юбилейлик медалы менен сыйланып, өнөрпоздор концерттик программа тартуулашты.

 

Белгилей кетсек, 21-сентябрь – Жусуп Баласагын күнү катары 2023-жылдан тартып мамлекеттик деңгээлде белгиленип келет.

Автор
Редактор
18:01, 22-09-2025

Саясат

Экономика

Дүйнөдө

Спорт

Илим-билим

Коом

Кылмыш