КЫРГЫЗСТАНДА ЗАМАНБАП АГРОБИЗНЕСМЕН КАЛЫПТАНДЫРУУ ЖОЛДОРУ
Кыргызстанда «Биз жаңы Кыргызстанды куруу жолунда баратабыз!» идеологиясынын алкагында Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги заманбап дыйкан-фермердин жаңы образын иштеп чыгууда.
Адистердин айтымында, заманбап кыргыз агробизнесмени болуунун башкы шарты — дыйкан-фермерлердин кооперативдерге биригүүсү. Бул биригүү жерди туура пайдаланууга, сапаттуу жана көлөмдүү түшүм алууга жана продукцияны сатууда көйгөй жаратпоого жардам берет.
Ошондой эле севооборотту (айланма эгинди) колдонуу, жогорку кирешелүү өсүмдүктөрдү өстүрүү жана жылына эки жолу түшүм алуу — кирешени эселеп арттыруунун негизги жолдору катары белгиленди.
Министрлик фермерлерди “агрегаторлордун” алдына бириктирип, техника, логистика, сатууну колдоо жана рынок үчүн керектүү көлөм менен сапатты камсыздоо аракетин көрүүдө. Бул агробизнеске жаңы деңгээлге чыгууга шарт түзөт.