Маалымат бизден башталат

Бишкекте Bishkek Snow Leopard Run 2025 - жарышы өтөт

2025-жылдын 21-сентябрында борбор калаанынбашкы «Ала-Тоо» аянтында Bishkek Snow LeopardRun 2025 empowered by Visa эл аралыккайрымдуулук марафону болуп өтөт.

Бул спорттук иш-чара жыл сайын кайталанып, быйыл алтынчы жолу өткөрүлүп жаткандыктан шаардын салтынын ажырагыс бөлүгү болуп калды. Аны Nomad Sport коомдук бирикмеси уюштурууда.

Жарыштын жүрүү маршруту Бишкектин борбордуккөчөлөрү: Чүй проспекти, Ю.Абдрахманов көчөсү, Ч. Айтматов проспекти жана башка негизгижолдордо өтөт.

Негизги старттын зонасы «Ала-Тоо» аянтындажайгашкан.

5 км аралыкка болгон жарыш «Манас» кинотеатрынан (Чыңгыз Айтматов пр. 47а) старт алат.

Аралыктар

• 5 км

• 14 км

• 21,1 км (жарым марафон)

• 42,2 км (марафон)

Kulikov Kid’s Run балдар үчүн чуркоо: 100 м, 300 м, 500 м жана 1 км

 

Башталыш убактысы (21-сентябрь, 2025-жыл)

• 07:00 — 42,2 км марафон

• 07:05 — 21,1 км жарым марафон

• 07:10 — 14 км

• 09:00 — 5 км

• 11.00 — Kulikov Kid’s Run

• 10:00–14:30 —сыйлык тапшыруу аземи жанаутуштарды ойнотуу

• 15:00 — ишчаранын расмий жабылышы

Көчөлөрдүн жабылышы

21-сентябрда саат 06:30дан 13:00гө чейинкатышуучулардын коопсуздугу үчүн төмөнкүаймактарда жол кыймылына чектөө киргизилет:

1. Чүй пр. (Манас пр. - Ю. Абдрахманов көч. чейин)

2. Абдрахманов көч. (Чүй пр. - Иманалиев көч. чейин)

3. Иманалиев көч. (Ю.Абдрахманов көч. - Ч.Айтматов пр. чейин)

4. Масалиев көч. (Ю.Абдрахманов көч. - Ч.Айтматов пр. чейин, түндүк жагы)

5. Ч. Айтматов пр. (Иманалиев көч. - Чүй пр.чейин)

Автор
Редактор
13:23, 18-09-2025

Саясат

Экономика

Дүйнөдө

Спорт

Илим-билим

Коом

Кылмыш