Маалымат бизден башталат

“Snow Leopard Run”: Бишкек ак илбирсти коргоо марафонуна даярданууда

 

Ушул жекшемби күнү, 21-сентябрга пландаштырылган Ак илбирсти сактоого арналган Snow Leopard Run иримарафондун алдында, жарыштын уюштуруучуларыNomad Sport коомдук бирикмеси, КР Жаратылыш ресурстарминистрлиги, GSLEP жанаИлбирс фондунунөкүлдөрүбүгүн журналисттер менен жолугушуу өткөрүштү.

Анын жүрүшүндө иш-чаранын катышуучулары 2024-жылы жарым марафондо чогулган каражаттын бир бөлүгүэмнеге багытталганын, жаңы сезонго канча күлүк катышаарын жана бул жарыштын өзгөчөлүгү эмнедеболоорун айтып беришти. 

Nomad Sport компаниясынын башкы директору Арслан Малдыбаев белгилегендей, быйылкы жарышБишкектин борбордук көчөлөрүндө толук марафондук аралыкта өтөт жана ага 5 миңден ашуун катышуучу тартылаары күтүлүп жатат. Бул ишчарага жергиликтүүтургундар ган эмес, коңшу өлкөлөрдөн көптөгөн катышуучулар келип катышмакчы.

Жарышты уюштуруучулардын айтымында, былтыркы жарым марафондун алкагында 1,1млн сомдук каражат чогулган жана ал каражатка Кыргызстандын бардык аймактарындагы корукчулар үчүн жабдуулар сатып алынган. Анткени алар жаратылышты коргоодо алдыңкы орунда турганы менен кылган иши тууралуу маалымат аздык кылат. Чынында корукчулар ысык-суукка карабай, жыл бою тоолордо жүрүшөт, браконьерликке каршы күрөшүп, жаныбарлардын эсебин алып турушат. Андыктан аларга жардам катары алган ар бир буюм талаа шартында чындап пайдасын тийгизет, деп ишенебиз», - деп баса белгиледи “Nomad Sport” коомдук бирикмесинин өкүлү.

Эске салсак, Bishkek Snow Leopard Run 2019-жылы старт алып, элди чуркоого шыктандырып тим болбостон,жапайы жаратылышты жана анын символу болгон - ак илбирсти сактоого жардам берген долбоор катары тааныла баштаган. Алты жыл ичинде бул спорттук иш-чараны өткөрүү менен катар маанилүү демилгелер ишке ашты. Мисалы, 2019-жылы ак илбирске байкоо жүргүзүү үчүн 32 фотокапкан сатылып алынган, 2021-жылы Ысык-Көлбиосфералык аймагына Нива үлгүсүндөгү автоунаа өткөрүлүп берилген, 2023-жылы Э.Гареев атындагы Ботаникалык бакка 40тан ашык техника сатылып алынган.

 

 

Автор
Редактор
14:48, 16-09-2025

Саясат

Экономика

Дүйнөдө

Спорт

Илим-билим

Коом

Кылмыш