Маалымат бизден башталат

КЫРГЫЗСТАНДА ЯДРОЛУК МЕДИЦИНА БОРБОРУ ТҮЗҮЛӨТ

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Улуттук онкология жана гематология борборунун базасында Ядролук медицина борборун түзүү чечимин кабыл алды. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министри Эркин Чечейбаев борбордун 65 жылдыгына арналган эл аралык конференцияда билдирди.

 

Министр долбоор өлкөдөгү онкологиялык кызматтын өнүгүшүндө маанилүү кадам болоорун белгилеп, аны «Росатом» мамлекеттик корпорациясынын колдоосу менен ишке ашыруу күтүлүп жатканын айтты.

 

Өз кезегинде «Росатом» да Кыргызстандын демилгесин колдоорун билдирип, бул элге жогорку технологиялык медициналык жардам көрсөтүүдө чоң кадам экенин белгиледи.

 

Маалыматка ылайык, борбордо молекулярдык визуализация, радионуклиддик терапия жана радиофармпрепараттарды өндүрүүчү заманбап жабдуулар орнотулат. «Росатом» 2022-жылдан бери Улуттук онкология жана гематология борборуна технологиялык жана методикалык жардам берип, адистерди окутуп, жабдуулар менен камсыздап келүүдө.

 

Жаңы борбор ишке кирсе, Кыргызстанда рак илдетин эрте аныктоо, так диагноз коюу жана заманбап дарылоо мүмкүнчүлүктөрү кыйла кеңейет.

Автор
Редактор
16:39, 15-09-2025

Экономика

Коом

Спорт

Кылмыш

Дүйнөдө

Илим-билим

Саясат