Маалымат бизден башталат

Балыкчы шаарын Чынгыз Айтматов шаары деп өзгөртүү сунушталды

Эл аралык Ч.Айтматов клубдарынын ассоциациясы жана Коомдук Айтматов академиясы Кыргыз Республикасынын президентине, Жогорку Кеңештин төрагасына жана министрлер кабинетинин  төрагасына, Балыкчы шаарынын мэриясына расмий сунуш кат  жолдошту. 
Документте улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун дүйнөлүк деңгээлдеги мурасын урматтоо максатында Балыкчы шаарынын атын «Айтматов шаары» деп өзгөртүү демилгеси көтөрүлгөн.

Сунуш катта белгиленгендей, Айтматовдун чыгармалары кыргыз элинин нарк-насилин, каада-салтын жана дүйнө таанымын чагылдыруу менен бирге, 180 тилде жарык көрүп жалпы адамзаттын руханий казынасына айланган. 
Анын демилгеси менен 1986-жылы Ысык-Көл форуму уюштурулуп, дүйнөлүк илимпоздорду, жазуучуларды жана коомдук ишмерлерди бириктирген маанилүү аянтчага айланган.

Ассоциациянын пикиринде, Балыкчы шаарынын атын өзгөртүү – Айтматовдун кадыр-баркына татыктуу урмат көрсөтүп, Кыргызстанды дүйнөгө дагы кеңири таанытууга жол ачат.

Автор
Редактор
19:07, 10-09-2025

Кылмыш

Спорт

Дүйнөдө

Экономика

Коом

Саясат

Илим-билим